Екатеринбургда ар бир 50-тургун ВИЧ оорусуна чалдыккан

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүВ вирусологической лаборатории Центра по профилактике и борьбе со СПИДом и инфекционными заболеваниями
В вирусологической лаборатории Центра по профилактике и борьбе со СПИДом и инфекционными заболеваниями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы убакта Екатеринбургда баңгизат аркылуу оору жугузган учурлар көп кездешүүдө. Дартка кабылгандардын 52 пайызы илдетти баңгизат аркылуу жугузса, 42 пайызы жыныстык жол менен жуктурган.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Екатеринбург шаарында ВИЧ эпидемиясы жарыяланды. Бул тууралуу шаар администрациясынын саламаттык сактоо башкармалыгына таянуу менен РИА Новости.

Башкармалыктын берген маалыматы боюнча шаарда ВИЧ илдети менен ооруган 26 693 адам катталган. Башкача айтканда, аймактагы калктын 1,8 пайызы же ар бир 50чү тургун аталган оору менен жабыркайт.

Мындан сырткары, каттоодо турган 774 баланын 342си ВИЧ илдетине кабылган.

"Ооруну жугузуп алгандардын саны өсүүдө, эң жогорку көрсөткүч темир жол районунда катталган (2 пайыздан жогору), Ленин жана Киров райондорунда 1,5 пайыз. Жалпысынан Свердлов району Россия боюнча аталган илдетке кабылгандардын алдында турат", — деди аталган башкармалык.

Билдирүүдө айтылгандай акыркы убакта шаарда баңгизаттык жол менен жугузган учурлар көп кездешүүдө. Ооругандардын 52 пайызы баңгизат аркылуу жугузса, 42 пайызы жыныстык жол менен жуктурган. Бул менен бир гана жаштар эмес, 30 жаштан 49 жашка чейинки адамдар да кабылган.

"Замандаш" ассоциациясынын билдирүүсүндө Екатеринбургда 20 миңден ашуун кыргызстандык жашайт.

Ал эми Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 2016-жылдын 1-октябрында 6554 адамга жетип, анын 579у жаш балдар экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0