Кытайда таш көмүр кени жарылып 33 шахтер каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРабота рудника "Таймырский" ОАО "ГМК "Норильский никель"
Работа рудника Таймырский ОАО ГМК Норильский никель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуу болгон учурда жер алдындагы 35 адамдын экөө сыртка чыгууга үлгүргөн.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Кытайдын түштүк-батышында таш көмүр кениндеги жарылуу болуп, 33 шахтер каза болду. Бул тууралуу РИА Новости CCTV телеканалына шилтеме берип жазган.

Кырсык дүйшөмбү күнү, жергиликтүү саат 11:30да катталып, Лайсу шаарынын Чинцу аймагында жеке кенде болгон. Жарылуу болгон учурда жер алдында 35 адам болгон, анын экөө сыртка чыгууга үлгүргөн.

Учурда жарылуу болгон жерде издөө-куткаруу иштери аяктап, маркумдардын сөөгү шахтадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0