ЖМК: "Ислам мамлекети" уюмунун башчысы Мосул шаарында

© AP Photo / Militant video, FileЛидер международной террористической группировки Абу Бакр аль-Багдади
Лидер международной террористической группировки Абу Бакр аль-Багдади - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирактын Күрдстан аймагынын администрация башчысы Фуад Хуссейн өкмөттүн "Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидери кармалып өлтүрүлсө, аталган чагымчыл топтун бүтүндөй системасы талкаланат дегенин тастыктады.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль Багдади дагы эле Ирактын Мосул шаарында. Бул тууралуу Independent гезити жазат деп билдирди РИА Новости.

Ислам мамлекети террористтик уюмунун согушкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мосулда террорчулар 230 адамды өлүм жазасына тартты
Ирактын Күрдстан аймагынын администрация башчысы Фуад Хуссейн аталган басылмага маек берип жатып аль Багдади дагы эле Мосул шаарында экенин, эгер аны кармап өлтүрсө, "Ислам мамлекетинин" бүтүндөй системасы талкаланат деген өкмөттүн маалыматын тастыктады.

Хуссейндин айтымында, террорчулардын лидери Мосулда турган убакта шаарды террорчулардан бошотуу кечеңдеши ыктымал.

Мосул шаарын бошотуу иштери 17-октябрь түнү башталган. Анда Ирактын аскер күчтөрү, полициясы жана АКШ башында турган коалиция күчтөрү шаарга массалык түрдө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0