"Маша и медведь" мультфильминин негиздөөчүлөрү анын зыяндуулугун четке какты

© Фото / Анимационная студия "Анимаккорд"Кадр из мультфильма "Маша и медведь"
Кадр из мультфильма Маша и медведь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар аталган мультфильм зыяндуу анимациялык тасмалардын көч башында турарын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Маша и медведь" мультфильми балдардын психикасы үчүн зыян экенин айткан булак ишенимдүүлүгүнөн күмөн санатат, мында Россиянын балдар психиатрлары жана психологдору ассоциациясы аталган анимациялык тасмага эч кандай баа бербегени тууралуу көз карандысыз корутунду чыгарып берди. Бул тууралуу РИА Новости "Анимаккорд" студиясына шилтеме берип билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКлар аталган мультфильм зыяндуу анимациялык тасмалардын көч башында турарын жазып чыгышкан.

Басылма аталган тасманын сюжети боюнча Маша обу жок эркелей берерин, аны көргөн балдар каармандын жүрүм-туруму балдарга өтүшү мүмкүн экенин жазган.

"Түзүлгөн рейтингдин булагы көрсөтүлбөптүр. Мындан тышкары, маалымат алгач абройлуу россиялык басылма эмес, Planet Today порталы тарабынан жарыяланган. Бул мындай жыйынтыктын чындыкка дал келбей турганын тастыктайт. Белгилүү болгондой жаңылыкты алгач кадыр-барктуу басылмалар чыгаргандан кийин гана башкаларга өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Студиянын маалымат кызматы рейтинг тууралуу жаңылык чыккандан кийин Балдар психиатрлары жана психологдор ассоциациясынын президенти Анатолий Северный көз карандысыз корутунду чыгарып берген. Ага ылайык, россиялык психологдор "Маша и медведь" мультфильмине эч кандай баа берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0