ЖМК: Индияда 8 террорчу абактан качып кетти

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЧлены Общественной палаты России в сопровождении журналистов посетили СИЗО "Матросская тишина"
Члены Общественной палаты России в сопровождении журналистов посетили СИЗО Матросская тишина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиялыктар өлкөдөгү Дивали майрамын белгилеп жаткан учурда Бхопалдын абагындагылар качуу аракетин көрүшкөн. Алар алгач күзөтчүнү өлтүрүп, андан соң байланган шейшептер менен тосмону ашып түшүшкөн.

БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. Мадхья-Прадеш штатында жайгашкан Бхопал шаарындагы түрмөдөн өлкөдө тыюу салынган "Индия студенттеринин ислам кыймылы" деп аталган уюмдун сегиз мүчөсү качып кеткен. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирет деп жазды РИА Новости

Мужчина на мусорной свалке в Нью-Дели, Индия - Sputnik Кыргызстан
Индиядагы таштанды өрттөгөн жайлар дүйнөдөгү эң уулуу жер деп табылды
Дүйшөмбү күнгө караган түнү, индиялыктар өлкөдөгү Дивали майрамын белгилеп жаткан учурда Бхопалдын борбордук абагындагы адамдар түрмөдөн качуу аракетин көрүшкөн. Алар алгач күзөтчүнү өлтүрүп, андан соң байланган шейшептер менен тосмону ашып түшүшкөн.

SIMI уюму 1977-жылы "Жамаат-и-Ислами Хинд" ислам тобунун студенттик канаты катарында түзүлгөн. Аталган уюм түзүлүш максатын Индия мусулмандарын батыштын таасиринен "чыгаруу" деп эсептейт.

Индиянын өкмөтү SIMI уюмун чагымчыл деп эсептеп 2001-жылдан бери ага тыюу салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0