Шварценеггер менен Жеки Чан "Вий-2" тасмасына тартылмай болушту

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүГубернатор Калифорнии А. Шварценеггер прочитал лекцию в Высшей школе экономики
Губернатор Калифорнии А. Шварценеггер прочитал лекцию в Высшей школе экономики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Темир Арниден" сырткары тасмага Жеки Чан дагы катышат. Николай Гоголдун белгилүү повести боюнча тартылган биринчи тасма 2014-жылы кышында экранга чыккан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Голливуд актеру Арнольд Шварценеггер "Вий" тасмасынын "Кытайга саякат: Темир беткаптын сыры" аттуу экинчи бөлүгүндө ойнойт. Бул тууралуу фильмдин продюсери Глеб Фетисовдун маалымат кызматына таянып РИА Новости билдирди. 

"Шварценеггер катышкан тасманын бөлүгүн тартуу Кытайда жүрөт. Аны менен бирге Голливуддун дагы бир жылдызы Жеки Чан тартылат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин картинанын продюсери Алексей Петрухин "Вий-2" тасмасында Синтхун Яо, Лю бир туугандар, Чжан Лансинь (Кытайдын таэквондо боюнча 2004-жылкы чемпиону) сыяктуу кытайдын мыкты актерлору катышарын айткан.

Оскар киносыйлыгынын статуэткалары - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы Оскар сыйлыгынын узун тизмесине кирди
Мындан сырткары, тасманын Кытайдагы бөлүгүн тартууда Жеки Чан жана анын Jackie Chan JCE компаниясы жигердүү иш алып барат.

Саякатчы Джонатан Гриндин башкы ролун британ актеру Джейсон Флеминг аткарат ("Карталар, акча, эки тапанча" жана "Көп акча"). Сюжетте Грин Петр Iден Россиянын ыраакы чыгышынын картасын түзүү тапшырмасын алып, Кытайга туш болот.

"Вий 3D" биринчи тасмасы Николай Гоголдун белгилүү повестинин негизинде тартылып, 2014-жылы кышында экранга чыккан. Россия-кытай кинокартинасынын бет ачары 2017-жылдын башында болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0