АКШда унаа жарышка катышкан айдоочу 22 жөө адамды койдуруп кетти

© AP Photo / Steve HelberАвтопробег NASCAR Sprint Cup Series
Автопробег NASCAR Sprint Cup Series - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин 10го жакын адам жабыркагандыгы айтылып жаткан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. АКШнын Мартинсвилл шаарында өткөн NASCAR жарышынан кийин катталган жол кырсыктан жабыркагандардын саны 22ге жеткенин РИА Новости USA Today Sport басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Каза болгон Майрамбек Нажиновдун туугандагы ош шаарында өткөн маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Оштогу адам өмүрүн алган жол кырсык атайылап уюштурулганбы?
"Мартинсвиллде өткөн жарыштан кийин унаа топ эл турган жайга кирип кеткен. Каза болгондор жок", — деп USA Today Sport басылмасынын журналисти Twitter баракчасына жазып чыкты. 

Буга чейин 10го жакын адам жабыркагандыгы айтылып жаткан.

Кырсык жекшемби күнү болгон. NASCAR жарышынан кийин үйүнө келе жаткан айдоочу Jeep үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан кийин жөө жүргүнчүлөрдү койдуруп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0