Түркияда "гүленчи" делген дагы 10 миң кызматкер жумуштан айдалды

© AFP / ADEM ALTAN Түркияда оппозициячыл диний аалым Фетхуллах Гүлендин асылган кукласы. Архив
Түркияда оппозициячыл диний аалым Фетхуллах Гүлендин асылган кукласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлендин тарапташтары делген кызматкерлер массалык түрдө жумуштан айдалып, Түркиядагы абал төңкөрүш аракетинен бери тынч эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркияда оппозициячыл диний аалым Фетхуллах Гүлендин уюмуна тиешеси бар делген 10 миң 131 мамлекеттик кызматкер жумуштан бошотулганын Resmi Gazete басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу чыккан токтомго ылайык, кызматынан кол жуугандар негизинен билим берүү жана саламаттык сактоо жаатында иштегендер. Мындан тышкары, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоо жараяны жоюлуп, Жогорку билим берүү боюнча кеңеш көрсөткөн талапкерлердин арасынан президент өзү дайындамай болду.

Себат билим-берүү мекемесинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Себаттын" башкы директору: мекеменин атын өзгөртүү муктаждыгы жаралса, карап көрөбүз
Ушул эле токтом менен өлкөнүн түштүк-чыгышында иш алып барган 15 маалымат каражаттары жабылды. Аталган аймак калкынын көбү күрддөр экени белгилүү.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-июлуна караган түнү козголоңчулардын тобу аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылып, бирок мындан эч кандай майнап чыккан эмес. Негизги тирешүү Стамбул жана Анкара шаарларында болгон. 240 жаран каза болуп, дагы 2000ден ашууну жарадар болгону айтылган. 

Бийлик төңкөрүшкө диний аалым Фетхуллах Гүленди айыптап, АКШдан аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Гүлен козголоңчулардын аракетине терс маанайда баа берип, ага эч кандай тиешеси жоктугун айтып келет. Гүлендин тарапташтары делген кызматкерлер массалык түрдө жумуштан айдалып, Түркияда абал тынч эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0