Окумуштуулар: өзөктүк согуш суунун талаштыгынан улам чыгышы мүмкүн

© REUTERS / Samrang PringПоследствия сильной засухи в Камбодже
Последствия сильной засухи в Камбодже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк адистер болжогондой, өзөктүк согуштун Россия менен АКШнын ортосунда эмес, Пакистан менен Индиянын ортосунда чыгышы айтылууда.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жер планетасындагы өзөктүк согуш суу талаштан улам чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун окумуштууларына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматта өзөктүк согуш АКШ менен Россиянын ортосунда эмес, Пакистан менен Индиянын ортосунда чыгышы мүмкүндүгү айтылат.

"Инд дарыясындагы бассейн "бомба" болушу мүмкүн. Анткени ал жарылса, суу тартыштыгын жаратып, аймактагы климаттын өзгөрүшүнө алып келет. Бир ай мурда Индия Пакистан менен 1960-жылы дарыяны жөнгө салуу боюнча түзгөн келишимди бузганын жар салды", — деди БУУнун суу ресурстары жана курчап турган чөйрөнү коргоо институтунун директору Владимир Смахтин.

Окумуштуулар эки тараптуу келишимдин бузулушу менен чоң жаңжал чыгып, ал өзөктүк согушка айланып кетиши мүмкүн деп божомолдоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0