ЖМК: Зика оорусу Мьянмада катталды

© REUTERS / Enrique MarcarianЗика куртун жок кылуу. Архив
Зика куртун жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зика оорусу Янгондо жашаган 32 жаштагы боюнда бар аялдын анализдеринен аныкталган.

БИШКЕК, 29-окт.— Sputnik. Зика оорусу алгачкы жолу Мьянманын мурдагы борбору жана эң чоң шаары деп эсептелген Янгондо катталган. Бул тууралуу билдирген Global New Light of Myanmar гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Зика илдети Янгондо жашаган 32 жаштагы кош болйуу аялдын анализдеринен аныкталды.

Таиландда кош бойлуу аялдар Зика вирусуна карата текшерилет
Басылмада жазылгандай, аталган илдетке каршы аракеттер Мьянма, анын ичинде Янгондун тегерегинде жүргүзүлүүдө. 

Зика вирусу (калтырак басуу, чыйрыгуу) – маймылдардын инфекциялык оорусу. Ал кээде адамга чымындар аркылуу жугуп, калтырап, чыйрыгуу менен коштолот. Вирус кош бойлуу аялдар үчүн абдан кооптуу. Анткени ал түйүлдүктү микроцефалияга (баш мээнин кичирейиши) жеткириши мүмкүн.

Учурда дүйнөнүн 60 мамлекетинде Зика оорусуна тушуккандар катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0