Филиппин полициясы баңгизатка каршы рейд учурунда шаар мэрин жок кылды

© AFP / TED ALJIBEБеспрецедентная кампания по борьбе с наркотиками на Филиппинах
Беспрецедентная кампания по борьбе с наркотиками на Филиппинах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин калаа мэри баңгизат жүгүртүүгө шектелген 150 чиновниктин тизмесине кирген. Ал тизме Филиппиндин президенти Родриго Дутерте тарабынан аныкталган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Филиппиндин полициясы баңгизатка каршы жүргүзүлгөн рейд учурунда Минданао аралындагы Дату Сауди Эмпатуан шаарынын мэри Самсудин Димауконду атып өлтүрдү. Бул тууралуу америкалык New York Times басылмасы жазып чыкты. 

Басылмадагы маалыматка караганда, мэр жана анын жанындагы тогуз өнөктөшү Котабато провинциясындагы өткөрмө пунктунан полицияны көздөй ок чыгарган. Тартип сактоочулар жооп катары ок атканда тогузунун бардыгы жан таслим болгон. 

Президент Филиппин Родриго Дутерте - Sputnik Кыргызстан
Филиппиндик сенатор президент Дутертеге иш козгоону эл аралык соттон өтүндү
Полиция кызматкерлери мэр башында турган топ чоң өлчөмдөгү баңгизатты алып өтүүгө аракет жасашканын жүйө келтирүүдө. 

Үстүбүздөгү жылдын август айында Филиппиндин президенти Родриго Дутерте баңгизатты жүгүртүүгө катыштыгы бар делген 150 чиновниктин аты-жөнүн атаган. Алардын ичинде Самсудин Димаукон болгону белгиленет. Калаа мэри мындай билдирмени четке каккан. 

Май айында Филиппинге президент болуп шайланган Родриго Дутерте баңгизатын жүгүрткөн жана ага көз каранды болгондор менен күрөшүү идеясын колдоп келет. Полициянын маалыматына караганда, Дутерте бйиликке келгенден бери баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар 2,4 миң адам өлтүрүлгөн. Дүйнөлүк коомчулук баңгизатка каршы күрөшүүнүн мындай жолун сындап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0