Италиянын өкмөтү жер титирөөнүн кесепетин жоюу үчүн 40 млн. евро бөлөт

© AFP / TIZIANA FABIПоследствия землетрясений в в центральной Италии
Последствия землетрясений в в центральной Италии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,9 баллга жеткен катуу жер силкинүү катталып, 2-3 миңдей адам үйсүз калган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Италиянын өкмөтү шаршемби күнү Италиянын борбордук бөлүгүндө болгон катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн 40 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Il Messagero басылмасына шилтеме кылып РИА Новости билдирди. 

Белгилей кетсек, шаршемби күнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,9 баллга жеткен катуу жер силкинүү катталып, 2-3 миңдей адам турак жайсыз калган.

Гезиттин маалыматына ылайык, акча бөлүү тууралуу чечимдер бейшемби күнү өткөн өкмөт отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган. Мындан сырткары, өкмөт өзгөчө кырдаалдарды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө убактысын узартты. 

Маалыматта Италиянын премьер-министри Маттео Ренци кырсык болгон жерге барары айтылууда. Олуттуу кыйроолор Виссо, Уссита, Кастельсантанджело-суль-Нера, Камерино, Акуасанта Терме жана Фабриано калктуу конуштарда аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0