Кувейтте тоту куш аялына күйөөсүнүн кылыктарын "айтып" салды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүТоту куш. Архив
Тоту куш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялы күйөөсү көзүнө чөп салып жүрөт деп шектенип келген. Бирок ага далил жок болчу.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кувейтте тоту куш аялга күйөөсүнүн ала жипти аттап жүргөнүн айтып салды. Бул тууралуу Metro басылмасы жазып чыкты.

Боенуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмиратта боенбогон аялын биринчи жолу көргөн жаран ажырашып кетти
Тоту куш жубайлар чогуу отурганда күйөөсүнүн көңүлдөш болуп жүргөн үй кызматкерине карата айткан комплименттерин айтып баштаган.

Басылманын жазышынча аялы күйөөсү анын көзүнө чөп салып жүрөт деп шектенип келген. Бирок ага далил жок болчу. 

Үйдөгү канаттуу "баарын айтып салгандан" кийин аялы күйөөсүнүн үстүнөн полицияга арыз жазып, аны ала жипти аттады деген айып менен жоопко тартууну суранган.

Бирок сот эркектин таламын коргоп, куш күбө боло албай турганын билдирип, тоту куш бул сөздөрдү радиодон же телевизордон деле угуп алышы мүмкүн деген жүйө келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0