Мосулда террорчулар 230 адамды өлүм жазасына тартты

© REUTERS / REUTERS TV"Ислам мамлекети" террористтик уюмунун согушкерелри. Архив
Ислам мамлекети террористтик уюмунун согушкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" уюмунун мүчөлөрү шаардын четине 284 эркекти алып барып өлүм жазасына тарткан. Курман болгон адамдардын сөөгүн Мосулдун карама-каршысындагы көпчүлүктү көмгөн жерге алып кетишкен.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кечээ, шаршемби күнү "Ислам мамлекети" террористтик уюму Мосулдагы эки райондон 232 жаранды өлтүргөнүн Ирак парламенттин адам укугун коргоо комитетинин башчысы, депутат Абдель Рахим аш-Шамри билдирди. Бул тууралуу Sputnik International жазып чыкты.

"Террористтик уюмдун мүчөлөрү Мосул шаарынын тургундарына жырткычтык мамиле жасап, Хаммам-эль-Алиль районунда 190 адамды асып өлтүрөшкөн", — деп жазылат аш-Шамри маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Депутаттын айтымында, Эль-Аридж айылында 42 адам террористтердин курмандыгына айланган.

Освобождение Мосула от террористов ИГ в Ираке - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: "Ислам мамлекети" тобунан качкан 9 кишини тирүүлөй өрттөп жиберди
Буга чейин да "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөлөрү шаардын четине 284 эркекти алып барып өлүм жазасына тарткан. Өлүмгө тартуу иштери бейшемби жана жума күндөрү болуп, курман болгон адамдардын сөөгүн Мосулдун каршысында жайгашкан көпчүлүктү көмгөн жерге алып кетишкен.

БУУнун маалыматында террористтик уюмдун мүчөлөрү тирүү калкан катары пайдалануу максатында жүздөгөн үй-бүлөнү барымтага алып, эки аймактан 550 үй-бүлө уурдалганы айтылган. 

АЛ эми 17-октябрь түнү Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосулду бошотуу үчүн аскердик операция башталганын билдирген. Ирактын аскер күчтөрү, полициясу жана АКШ башында турган коалиция күчтөрү шаарга массалык түрдө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0