Индонезиядагы сел 1,5 миң турак жайды алып кетти

© AFP / TIMUR MATAHARIСелден жабыркаган үйлөр
Селден жабыркаган үйлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Горонталодогу дарыядан ашкан суудан жолдор, көпүрөлөр жана мамлекеттик мекемелер кыйраган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Тынбай жааган жамгырдан улам пайда болгон сел Индонезиянын түндүгүндө жайгашкан Горонтало айылындагы бир жарым миңге чукул турак жайды каптады. Бул тууралуу Сутопо Пурво Нугрохо (Sutopo Purwo Nugroho) табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча Улуттук  башкармалыгы маалымдаганын РИА Новости жазды. 

"Аймакта суунун көлөмү 50-100 сантиметрге чейин көтөрүлүп, 1500 миңге чукул үйдү суу каптап кеткен",— деп айтылат билдирүүдө.

Горонтало дарыясынан ашкан суудан жолдор, көпүрөлөр  жана мамлекеттик мекемелер жабыр тартты.

Адистер Индонезияда селдин арбышын токойлорду кыркып жок кылуу менен байланыштырышат. 2014-жылы декабрь айында Джемблунг шаарчасында катталган дагы бир селден 100гө чукул адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0