Индиядагы таштанды өрттөгөн жайлар дүйнөдөгү эң уулуу жер деп табылды

© AFP / SAJJAD HUSSAINМужчина на мусорной свалке в Нью-Дели, Индия
Мужчина на мусорной свалке в Нью-Дели, Индия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын айтымында, жер жүзүндө жашаган адамдар жылына эки миллиард тоннага чукул суюк жана коюу таштанды чыгарат. Анын көпчүлүк бөлүгү таштанды жайларында өрттөлөт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Индиядагы таштанды өрттөлүүчү жайлар дүйнө жүзүндөгү эң уулуу жер болуп, андан чыккан түтүндөн көптөгөн уулуу заттар бөлүнөрүн экологдор тастыкташты. Бул тууралуу Atmospheric Environment журналы жазганын РИА Новости билдирди.

Окумуштуулардын айтымында, жер жүзүндө жашаган адамдар жылына эки миллиард тоннага чукул суюк жана коюу таштанды чыгарат. Анын көпчүлүк бөлүгү таштанды жайларында өрттөлөт.

АКШнын Дарем шаарындагы Дьюка университетинен Хайди Врилэнд Индияда кырдаал тескерисинче экенин айтат.

"Индиянын кайсы көчөсүнөн өтпө, ири көлөмдөгү таштанды жатканын байкайсың. Алар өрттөйлмөйүнчө тура берет. Ал тургай Бангалор сыяктуу чоң шаарларында да ушундай көрүнүшкө күбө болосуң", — деди Врилэнд.

Дыйкан базарындагы таштанды - Sputnik Кыргызстан
Акыр-чикирге толгон базар — Бишкектин эки ири базарындагы таштанды
Окумуштуулар Бангалордогу 24 таштанды өрттөөчү жайдан чыккан түтүндүн үлгүлөрүн салыштырып көрүшкөн. Жыйынтыгында түтүндөн аба гана булганбастан, адамдын ден-соолугуна да зыян алып келе турган өтө кооптуу токсиндер, уулуу заттар чыгарын аныкташкан.

Экологдор Индиянын тургундарына ууландырган затты төмөндөтүү үчүн эң жөнөкөй чараларды колдонуу керектигин айтышты.

Ал үчүн биринчиден, таштандыны дароо өрттөө керек, экинчиден кагаз жана желим таштанды күйүп бүткөн учурда гана өрттү өчүрүү керек дешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0