АКШда 12 жаштагы жеткинчек классташ баласын атып салды

© AP Photo / Keith SrakocicКоробка пистолетных патронов
Коробка пистолетных патронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяда жабыркаган жеткинчек эки жолу октон жарадар болуп, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы тууралуу маалыматтар жок.

БИШКЕК, 26-окт — Sputnik. Американын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити аймагында балдар чатакташып кетип окуучу бала классташын атып салган. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазган.

Абактын эшигин бекитип жаткан кызматкер, архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей балдарын мушташтырган аталар эки айга камакка алынды
Жергиликтүү аймактын полиция кызматкери маалымдагандай, окуя саат 15:00 чамасында мектептин жанында болгон. Эки баланын ортосунда чыр чыгып, андан соң мылтыктын үнү угулган. Мектептин айланасына кирүү убактылуу жабылган.

Окуяда жабыркаган жеткинчек эки жолу октон жарадар болуп, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы тууралуу маалыматтар жок. Ал эми ок аткан баланы полиция кызматкерлери кармап, сурамжылоо иштерин жүргүзүп жатат.

Айрым жергиликтүү басылмалар экөөнүн тең курагы 12 жашта деп жазса, кээси 16га чыккан балдар дешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0