АКШ Түркияда терракт кооптуулугу жогору экендигин айтты

© flickr.com / KLMirceaТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскертүүдө экстремисттердин АКШ менен Батыштын жарандарын барымтага алып, уурдап кетүү кооптуулугу айтылган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн жарандарына Түркияда теракт коркунучу жогору экендиги айтып, эскертүү берди. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн жарандарына Түркияда террордук топтор тарабынан кооптуулук өтө жогору экендигин эскертүүнү улантат. Америка атуулдары Түркиянын түштүк-чыгыш тарабына барбай турганы оң. Эгер сапарга чыгууну чечсе, жалпы өлкө боюнча жагдайды, анын тобокелдиги салмактап алганы дурус", — деп айтылат эскертүүдө.

Таратылган маалыматта "Түркияда эл көп топтолгон ири иш-чараларда, туристтик райондордо, ресторандарда, соода борборлорунда, намаз окуган жайларда, автобустарда, көпүрөлөрдө, аэропорттордо, метролордо жана кемелелерде терактылар жасалышы мүмкүндүгү" айтылат.

"Экстремисттер мындан сырткары АКШ менен Батыштын жарандарын барымтага алып, уурдап кетүүнү айтып коркутушкан", — жазылган эскертүүдө.

АКШнын Мамдепартаменти жарандарын коопсуздук жаатында кыраакы болууга жана зарылчылыгы жок болсо Түркияга барбай эле коюуга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0