Кытайда качып жүргөн 634 коррупционер капканга түштү

© AFP / NICOLAS ASFOURIКытайдын полиция кызматкерлери. Архив
Кытайдын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар арасынан 48и беш жылдан бери таптырбай жүргөн. Ал эми дагы 17ине издөө мындан 10 жыл мурда салыныптыр.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кытайдын тартип коргоо органдары "Түлкүлөргө аңчылык-2016" деп аталган кампаниянын алкагында качып жүргөн 624 коррупционерди кармады. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын Коопсуздук министринин маалыматына таянып жазды. 

Кампания быйылкы жылдын май айында башталган.

Открытие линии по производству банковских слитков на Екатеринбургском заводе - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык Россиядан жарым кило алтын алып өтөм деп колго түшкөн
Министрликтин берген маалыматына караганда учурда качып жүргөн 634 коррупционерди дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн кармап келген. Алардын ичинен 16сы тыкыр издөөгө алынган 100 кытайлыктын тизмесинде турган. Кармалгандардын 205и 1,5 миллион долларлык коррупциялык ишке байланышы бар деп шектелген. Ал эми 59уна 15 миллионго жакын акчаны кымырууга тиешеси бар деген айып тагылган. 

Кармалгандар арасынан 48и беш жылдан бери таптырбай жүргөн. Ал эми дагы 17ине издөө мындан 10 жыл мурда салыныптыр.

Буга чейин Коопсуздук министринин орун басары Мэн Цинфэн алардын алдында турган дагы бир маанилүү милдет — чет өлкөлөргө мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу экендигин айткан.

Синьхуа агенттиги "Түлкүлөргө аңчылык-2016" деп аталган кампаниянын арты менен былтыр качып-безип жүргөн 857 коррупциячыл кытай жарандары тутулганын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0