Филиппиндик сенатор президент Дутертеге иш козгоону эл аралык соттон өтүндү

© AP Photo / Bullit MarquezПрезидент Филиппин Родриго Дутерте
Президент Филиппин Родриго Дутерте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дутерте бийликке келгенден бери өлкөдө баңгизат сатууга байланышы бар делген жана ага шектелген 3 миңге киши өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Филиппин сенатору Лейла де Лима Кылмыш боюнча эл аралык сотту өлкөнүн президенти Родриго Дутертенин баңгилерге карата кылып жаткан ишин кароого чакырды. Бул туурасында РИА Новости Guardian гезитине шилтеме берип кабарлады. 

"Ага (Родриго Дутерте – ред.) адамдарга каршы жасаган иштери үчүн сот кылмыш ишин козгошу керек", — деп айткан сенатор аталган басылмага берген маегинде.

Сенатор бул жаатта үч миңге чукул адам өлгөнүн билдирген. 

Баңгизат менен шугулданган филиппиндиктерге каршы полициянын операциясы - Sputnik Кыргызстан
Баңгизат менен шугулданган филиппиндик өлүмүш болуп, ажалдан аман калган
Басылма эл өкүлү Дутертенин каршылашы экенин жазып, сенатор айымга карата наркобарондор менен байланышы бар жана коррупцияга аралашкан деген күнөө тагылганын белгилейт. 

Филиппиндердин жай айында шайланган президенти Родриго Роа Дутерте баңгизат колдонгондорго жана аны саткандарга аёосуз күрөш жарыялаган.

Полициянын маалыматына караганда Дутерте бийликке келгенден бери өлкөдө баңгизат сатууга байланышы бар делген жана ага шектелген үч миңге миң киши өлтүрүлгөн. Дүйнө коомчулугу мамлекет башчынын баңгизат көйгөйүнө каршы мындай ыкма менен күрөшүүсүнө бир нече ирет нааразычылыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0