Маймылдардын таштан эмгек шаймандарын жасай турган жөндөмү аныкталды

© flickr.com / William AndrusЗоапарктагы капуцин маймылдары. Архив
Зоапарктагы капуцин маймылдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар Серра да Капивара улуттук паркынын аймагында жайгашкан Бразилиянын токойлорундагы маймылдардын таштары көп тоолорго жана дөбөлөргө чогултарын байкашкан.

БИШКЕК, 21-окт — Sputnik. Бразилияда маймылдар байыркы адамдардын эмгек куралдарына окшогон ташты чегип эмгек шаймандарын жасай алышат. Бул тууралуу Nature журналындагы макалага таянып, РИА Новости жазып чыкты.

"Биз жасаган ачылыш Түштүк Африкада табылган алгачкы эмгек куралынын үлгүсүн биздин ата-бабаларыбыз жасаганын четке какпайт. Бирок бир четинен алып карасак, бул ачылыш эмгек куралын даярдоо салты кайдан келип чыкканын жана мындай шаймандарды жасоодо өзгөчө кол керектиги тууралуу ойлоого түрткү болот", — деп билдирет Улуу Британиянын Оксфорд университетинен Томос Проффитт.

Адам баласы байыркы заманда мындан миң, миллион жыл мурун ар кандай таштардан эмгек куралдарын жасаган. Ар түрдүү эмгек шаймандарын жасоо менен адамдын колу көнүп, мээси да өнүккөн. Дал ушул сапаты үчүн адамдар башка жаныбарлардан айырмаланып турган. 

Хатико паросдасындагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ит эмне үчүн адамга жан жолдош экендигин айтып беришти
Бирок бул түшүнүктөр акыркы он жылдыкта талкаланып, окумуштуулар эмгек куралдарын адамдардан сырткары жаныбарлар да жасай баштаганын далилдей баштады.

Окумуштуулар Серра да Капивара улуттук паркынын аймагында жайгашкан Бразилиянын токойлорундагы маймылдардын таштары көп тоолорго жана дөбөлөргө чогултарын байкашкан. Маймылдар ал жерден чоң таштарды алып жардан ылдый кулатып же таштарды кынга салып чыгышкан.

Бирок окумуштуулар маймылдар мындай көрүнүш менен бир гана эмгек куралдарын жасабастан өздөрүнө да таштардан туз жана башка микроэлементтерди алып жатканын байкашкан.

Мындан улам жөндөмдүү маймылдарга байкоо жүргүзгөн окумуштуулар алгач эмгек куралдарын жасоо ыкмасы келип чыгып, андан соң гана адамдар аны жасаганды үйрөнгөн деген жыйынтыкка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0