Иранда тыңчылык үчүн кармалган эки америкалыкты АКШ бошотууну талап кылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын мамлекеттик телекомпаниясы шейшемби күнү тартип коргоо органдары абакка отургузулгандардын сүрөтүн жарыялаган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Иран бийлиги кечээ өзүнүн төрт, кош жарандыгы (Американын) бар дагы эки жаранды тыңчылык кылганы үчүн 10 жылга түрмөгө кести. Бул туурасында Синьхуа агенттигин кабарлады. 

Ал эми АКШнын мамлекеттик департаменти Иранды жарандарын "токтоосуз бошотууга" чакырды.

Соттолгон жаран. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: чет жакта 1946 кыргызстандык соттолгон
Ирандын мамлекеттик телекомпаниясы шейшемби күнү тартип коргоо органдары абакка отургузулгандардын сүрөтүн жарыялаган. Алардын арасында Иран менен АКШнын жарандыгы бар Сиамак Намази жана анын атасы Бакер Намази аттуу адамдар болгон. 

2015-жылдын октябрь айында Ирандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Араб Эмиратынын мунай компаниясынын кызматкери Сиамак Намазини камакка алган. Февраль айында Тегеранда анын атасы, БУУнун Балдар фондусунун Сомали, Кения жана Египеттеги өкүлү, Ирандагы провинциялардын биринин губернатору Бакер Намази кармалган. 

АКШнын мамдепартаменти Тегеранды эки жаранын тезирээк бошотууга чакырып, буга абдан камтама болуп жаткандыгын билдирди. Эл аралык мамилелер боюнча аналитиктер бул окуя АКШ менен Ирандын мамилесин суутат деген божомолун айтып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0