Окумуштуулар Ирландияны "алптардын мекени" деп атады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүИрландия. Архив
Ирландия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиянын Ольстер шаарында дөө сымал адамдардын саны өсүүдө. Аталган шаардын ар бир 150-тургуну акромегалия деп аталган гендин өзгөчө түрүн алып жүрөт.

БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Окумуштуулар Түндүк Ирландиянын жашоочуларынын генинде дөө сымал өнүгүүгө алып келе турган өзгөчө түр бар экенин аныкташкан. Мындай адамдар көбүнчө Ирландиянын Ольстер шаарында жашайт деп жазды РИА Новости Human Mutation журналына таянып.

Динозавдын музейдеги сөөгү, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Россия жана АКШ окумуштуулары Орто Азиядагы эң чоң динозаврларды аныкташты
АКШнын Калифорния университетинин окумуштуусу Энтони Хиндин айтымында, мындай адамдар сыртынан күчтүү, ден соолугу чың адамдай көрүнгөнү менен ашыкча өсүш алар үчүн пайда алып келбейт. Тескеринче, бул өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Окумуштуулардын изилдөөсүндө Ирландиянын түндүгүндө жайгашкан Ольстер шаарынын ар бир жүз элүүнчү тургуну акромегалиядан жапа чеккен өзгөчө түрүн алып жүрөт. 

Акромегалия — адамдын колу, буту жана сөөктөрү өтө тез арада өсө турган өзгөчө илдет. Бул оору менен жабыркаган адамдын бою тез өсүп, беттеги сөөктөрү да чоңоео баштайт.

Окумуштуулардын айтымында, ДНК изилдөөлөрүнүн натыйжасында алп адамдар мындан 2,5 миң жыл мурун эле болгону жана акромегалия илдети ошол убакта эле кездешкени аныкталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0