14:37 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Сбербанктын банкоматы. Архивдик сүрөт

Шылуундар банкоматтан акча уурдоонун жаңы жолун табышты

© Sputnik / Игорь Руссак
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
847 0 0

Акыркы жарым жылда банкоматтардан акча уурдоонун жаңы тенденциясы байкалып жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Сбербанктын" кызматкерлери банкоматтан шылуундар мурда катталбаган, жаңы ыкма менен акча уурдап жаткандыгын РИА Новости жазып чыкты.

Шылуундар акыркы жарым жылда акчаны банкоматтын корпусун тешип, атайын техника улаштырып уурдап жаткандыгын РИА Новости агенттигине аталган банктын төрагасынын орун басары Станислав Кузнецов айтып берген.

"Төрт-беш айдан бери банкоматтан акча уурдоонун жаңы тенденциясы байкалып жатат. Аны drilled box дейт. Шылуундар банкоматты тешип, атайын жабдыкты улаштырып, анын жардамы менен тез арада акчанын баарын уурдап жатышат", — деди Кузнецов.

Билдирүүдө акыркы жарым жыл ичинде ушундай жол менен канча банкомат ачылыа, канча акча уурдалганы айтылбайт.

Тема боюнча

Чет өлкөлүк жаран Канттагы банкоматтан акча уурдады деп шектелүүдө
Банкоматты тоноп жаткан ууруларды асманга атылган ок да токтото алган жок
Белгилер:
уурулук, акча, банкомат, Сбербанк, Станислав Кузнецов, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ