14:35 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Алтын. Архивдик сүрөт

Кытайлык Россиядан жарым кило алтын алып өтөм деп колго түшкөн

© Sputnik / Павел Лисицын
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
117 0 0

Чет элдиктен алынган алтын текшерүү үчүн адистердин изилдөөсүнө жиберилген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кытай жараны Благовещенск-Хэйхэ эл аралык көзөмөл өткөрүү жайынан жарым килограммга жакын алтын алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

"Кытайлык киши болжол менен декларацияда көрсөтүлбөгөн өнөр жай алтынын алып чыгып жатканда кармалды. Ал 499 грамм салмагындагы алтынды Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагынан сыртка алып чыгууга аракет кылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Чет элдиктен алынган алтындын курамын текшерүү үчүн адистердин изилдөөсүнө жиберилген.

Тема боюнча

Шым чөнтөгүнө 4 шумкарды катып бараткан арабдар аэропорттон кармалды

ЭҢ МААНИЛҮҮ