Түркияда сүйүктүүсүн көрүү үчүн чач тарачка хиджапчан барган "террорчу" кармалды

© AP Photo / Shakil AdilПаранжа кийген аялдын архивдик сүрөтү
Паранжа кийген аялдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жигиттин хиджапчан чач тарачка кирип баруусу заматта ызы-чуу чыгарган. Анткени оронгон адам эркек экендигин көргөн кызматкер дароо полицияга террорчу жүрөт деген маалымат берген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Түркиялык жигит сүйүктүүсүнө жолугуу үчүн хиджап кийип чач тарачка барган. Бул тууралуу РИА Новости Haberturk телеканалына таянуу менен жазып чыкты.  

Маалыматка ылайык, аталган жигиттин хиджапчан чач тарачка кирип баруусу заматта ызы-чуу чыгарган. Анткени оронгон адам эркек экендигин көргөн кызматкер куралчан террорист жүрөт деген маалымат тараткан. 

"Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аны кармай алган эмес. Кийинчерээк видео байкоонун жардамы менен колго түшүргөндө ал сүйүктүү кызына жолукканы келгендигин, үйлөнгүчө жолугууга тыюу салынгандыктан айла жок кыздардын чач тарачына жоолук оронуп келгенин айткан", — деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы такталган соң жигит бошотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0