Дутерте баңгизат менен күрөшүүдө адам укугун "уруп ойнобой" турганын айтты

© REUTERS / LEAN DAVAL JRФилиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү
Филиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында шайланган Родриго Дутерте баңгизатка көз каранды жана аларды жайылткан кишилерге каршы күрөш жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө адам укуктарын "уруп ойнобой" турганын айтты.

"Мен келечек муунду сакташым керек. Эгер бул жерде адам укугу тууралуу сөз боло турган болсо мен аларды уруп ойнобойм. Мен башкалардын үшүн алып коюшум керек, антпесе мамлекеттин душмандары биздин келечек муун — жаштарды жок кылат", — деп ал Аль-Жазира телеканалына берген маегинде билдирген.

Май айында шайланган Родриго Дутерте баңгизатка көз каранды жана аларды жайылткан кишилерге каршы күрөш жүргүзүп жатат. Полициянын маалыматына ылайык, Дутерте бийликке келгенден бери маңзатка тийиштиги бар 2,4 миң киши өлтүрүлгөн. Дүйнө коомчулугу Дутертенин бул кадамын кескин сындап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0