АКШда көпүрөдөн кулап кеткен унаа төрт кишини басып калды

© AFP / BRYAN R. SMITHАКШнын тез жардам кызматы, архив
АКШнын тез жардам кызматы, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаанын айдоочусу камакка алынды. Полиция кырсык учурунда анын мас абалында экенин божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында кичирээк жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап, төрт адамды басып калганын Fox 5 телеканалына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Наезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Машина кагып кеткен киши каза болду. Айдоочу качып кетти
Шаардык куткаруу кызматынын башчысы Брайан Феннесси (Brian Fennessy) пикап Chicano паркындагы фестивалга келген адамдарга капталы менен кулап түшкөн. Бийликтин айтымында, оор жаракат алган айдоочу унааны мас абалында айдаганы үчүн камакка алынды.

Пикапта жүргүнчү болгон эмес.

Көпүрөнүн эң бийик жери 75 метр, ал эми узундугу 3400 метрди түзөт. Ал 1969-жылы ачылып, пайдаланууга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0