Багдад: сыйынып жаткан шииттерди жан кечти жардырып жиберип, 17 киши мерт кетти

© REUTERS / Ahmed SaadТеракт на шиитской траурной церемонии в Багдаде
Теракт на шиитской траурной церемонии в Багдаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкандардан сырткары 50гө чукул киши жарадар болгон.

БИШКЕК, 15-окт — Sputnik. Багдадда шиттер сыйынып жаткан учурда жан кечти жардыруу уюштуруп, 17 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип билдирди. 

Багдад шаары, Ирак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Багдадда бейкүнөө өлгөндөрдүн саны 11 жетти
Каза тапкандардан сырткары 50гө чукул киши жарадар болгон. Жардыруу шаардын түндүк тарабындагы Шааб деп аталган райондо жасалган. Ал жердеги базарга чатыр тигилип, Мухаммед пайгамбардын имамдарынын бирин эскерүү уюштурулган. Маалыматтарда террорчу ал жерге кирип барып, теракт жасаган.

Бул окуянын жоопкерчилигин эч бир уюм мойнуна ала элек. Адатта, шииттерге карата "Ислам мамлекети" террордук уюмунун өкүлдөрү жардырууларды жасап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0