БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кытай өлкөдө чет элдик компаниялардын болушун кубаттайт. Эгер өлкө мыйзамын сыйласа Google менен Facebook компанияларынын киришине да тоскоолдук кылбайт. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
"Жэньминь жибао" гезити жазгандай чет элдик компаниялар жергиликтүү элдин укуктарын биринчи иретте коргош керек.
Кытайдын киберкылмыштуулук маселеси боюнча башкармалыгынын жетекчи орун басары Жэнь Сяньляндын айтымында, өлкөдө интернетти өнүктүрүү ачык бойдон экенин айтат.
Бүгүнкү күнгө чейин Кытайдын интернет аймагы чет элдик компаниялар үчүн жабык. Мисалы Кытайда Google, Facebook, Twitter сайттары ачылбайт, аларга тыюу салынган.