БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу лидерлеринин бири Сириянын Ракка шаарынын жанындагы соккудан каза тапкандыгын дүйшөмбү күнү билдирди. Бул туурасында Рейтер басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Буга чейин Пентагондун өкүлү Питер Кук билдиргендей, 7-сентябрда коалиция күчтөрү Ракка шаарынын жанына сокку урганын жана алардын көздөгөн максаты "Доктор Ваил", тагыраак айтканда, Ваил Адил Хасан Салман аль-Файадды жок кылуу болгон.
АКШнын Коргоо департаментинин маалыматына ылайык террорчу "Ислам мамлекети" тобунун маалымат министрлигин жетектеген.
Анын жайы, өлтүрүлгөн убактысы жана аль-Файадга тиешелүү башка маалыматтарды агенттик билдирген эмес.