Пан Ги Мун өлүм жазасына каршы пикирин билдирди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун архивдик сүрөтү
БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун өлүм жазасын колдонууга каршы экенин жар салды.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун 65 өлкөдө терроризм менен байланышкан кылмыштар үчүн колдонулган өлүм жазасына каршы пикирин билдирип чыккандыгы тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Өлүм жазасын XXI кылымда колдонууга орун жок. Террорго багытталган каршы иш-чаралар, ошондой эле коопсуздук күчтөрү адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоого тийиш", –– деп билдирет БУУнун сайтында дүйнөдөгү өлүм жазасына каршы күнүнө карата.

Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Ал белгилегендей терроризм үчүн айыпталгандар көп үчүрда атайын соттордун жана аскер кызматкерлеринин адилетсиз жана шашылыш чечиминин негизинде өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарылып жаткандыгын белгиледи.

Пан Ги Мундун айтымында, соттолгондордун өлүм жазасы алардын жолдоочуларына пропоганда максатында колдонулат. Ал өлүм жазасын колдонуп терроризм менен күрөшөбүз деген адамдардын ою менен макул эместигин билдирди.

БУУнун башкы катчысы ошондой эле баардык жагдайларда жана жерлерде өлүм жазасын алып салуу боюнча ишти улантууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0