Мексикада жашыруун көмүлгөн 600гө чукул адамдын сөөгү табылды

© REUTERS / Jose Luis GonzalezМексиканын полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Мексиканын полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коауила — мыйзамсыз айлантылган баңгизаттарын көзөмөлдөөдө кылмыштуу топтун кагылышуулары менен "даңкталып" келген аймак.

БИШКЕК, 9-окт. – Sputnik. Мексиканын Коауила штатында жашыруун көмүлгөн 600гө чукул адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу РИА Новости Uno телеканалына шилтеме кылып билдирди. 

Баңгизат менен шугулданган филиппиндиктерге каршы полициянын операциясы - Sputnik Кыргызстан
Баңгизат менен шугулданган филиппиндик өлүмүш болуп, ажалдан аман калган
Адамдарды массалык түрдө көмгөн фактыны Сан-Педро деп аталган райондун жарандык активисттер тобу жоголуп кеткен жакындарын издеп жатып таап алышкан. Топтун лидери Сильвия Ортис табылган сөөктөрдүн бир бөлүгү изилдөө жана ким экендигин аныктоо үчүн бийликке берилгендигин билдирди.

Расмий кабарларда Мексиканын Башкы прокуратурасына иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтар түшө электиги айтылды.

Коауила штаты мыйзамсыз айлантылган баңгизаттарын көзөмөлдөөдө кылмыштуу топтун кагылышуулары менен "даңкталып" келген аймак. Расмий маалыматтарда, штатта белгисиз делген 1,8 миң адам бар. Акыркы беш жыл ичинде аталган штатта жашыруун массалык түрдө көмүлгөн 455 адамдын сөөгү табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0