Анкарада эки жан кечти өзүн жардырып жиберди

© AFP / OZAN KOSEТүркиянын полиция кызматкери, архивдик сүрөт
Түркиянын полиция кызматкери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициялык операция учурунда багынуу талабын уккан террорчулар өздөрүн жардырып жиберишкен.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Анкарада эки жан кечти өзүн жардырып жиберди. Бул тууралуу РИА Новости Рейтерге шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Бишкектеги Кытай элчилиги - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген жигит Бишкекке келе жатканын айтты
Anadolu агенттигинин берген маалыматына ылайык, эки жан кечти унаага жардыруучу зат коюуну пландашкан. Бирок аны байкап калган полиция кызматкерлери багынып берүүнү талап кылган. Анткен менен жанкечтилер баш ийбей өзүлөрүн жардырып жиберишкен. 

Жабыр тарткандар тууралуу маалымат чыга элек. 

Эске сала кетсек, Стамбулдун Шириневлер/Енибосна районунда дагы мина коюлган мотоцикл жарылып, 10 адам жаракат алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0