Меркель немистер АКШга караганда Россияга көп ишенерин моюнга алды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГерманиянын канцлери Ангела Меркельдин архивдик сүрөтү
Германиянын канцлери Ангела Меркельдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Германиянын вице-канцлери жана экономика министри Зигмар Габриэль TTIP менен болгон сүйлөшүүлөр ара жолдо калганын айткан.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель жергиликтүү ишкерлерди АКШ жана Евробиримдик (TTIP) менен эркин соода жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүнү каалабаганын сынга алып, аларды Америкага каршы деп айыптады. Бул тууралуу Меркель Берлиндеги Немис өнөр жайы-2016 иш-чарасында сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

"Эгер ушундай эле сүйлөшүү Россия менен жүргөндө азыр айтылган сындардын жарымын укмак эмеспиз. Андыктан ойлонушубуз керек", — деди Меркель. Ал ошондой эле ишкерлерге АКШ менен болгон экономикалык кызматташууну кайра карап чыгууга чакырды.

Буга чейин Германиянын вице-канцлери жана экономика министри Зигмар Габриэль TTIP менен болгон сүйлөшүүлөр ара жолдо калганын айткан.

Келишимге каршы болгондор анда бир гана трансулуттук компаниялардын гана кызыкчылыгы корголгонун айтышууда. Ири компаниялар көзөмөлдү азайтып, Европадагы жөнгө салуу чараларын азайтуу керек деген талаптарды коюшууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0