Эл аралык уюм: Сириядан баш-аягы болуп 6,5 миллион киши чыгып кетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСирия. Архивдик сүрөт
Сирия. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хофман дарыгерлер Сириянын ар бир булуң-бурчуна керектигин айтты.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Сириядан баш-аягы болуп 6,5 миллион киши чыгып кетти, алардын арасында жардам үчүн келген дарыгерлер да бар, анткен менен дары-дармек жетиштүү. Бул туурасында РИА Новости "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунун эксперти Михил Хофмандын маалыматына таянып кабарлады. 

"Сирия качандыр бир кезде Жакынкы Чыгыштын саламаттыкы сактоо тармагы өнүккөн өлкөлөрүнөн болчу. Беш жылдан соң бул система бузулду. Дарыгерлердин көбү өлкөнү таштап чыгып кетти, алардын жалпы саны 6,5 миллион кишиге жетти. Албетте, биринчилерден болуп илимдүү-билимдүү кишилер кетип калган", — деп айтты ал "Известия" басылмасына. 

Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирия армиясы Алеппонун түштүгүндөгү маанилүү делген аймактарын бошотту
Хофман дарыгерлер Сириянын ар бир булуң-бурчуна керектигин айтты. Эл аралык уюм өлкөнүн бардык жеринде дарыгерлердин барып иштеп турушу боюнча уруксат ала алган эмес. Себеби, өкмөт менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугун билдирген.

Хофман анын уюму Батыш Алепподо госпиталь ача албай жаткандыгын айтты. Анткен менен алардын Сирияда ооруканалары бар, бирок алар бийликтин көзөмөлүндө турбаган аймактарда жайгашкан. 

"Чек арасыз дарыгерлер" дагы 70 госпиталды дары-дарымек, генератор жана медициналык кызматкерлер менен камсыз кылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0