Россия жана АКШ окумуштуулары Орто Азиядагы эң чоң динозаврларды аныкташты

© Sputnik / Александр Демьянчук / Медиабанкка өтүүДинозавдын музейдеги сөөгү, архивдик сүрөт
Динозавдын музейдеги сөөгү, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары окумуштуулар Орто Азияда көптөгөн динозаврдын калдыктарын табышкан.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россиянын Илимдер академиясынын Зоология институтунун полеонтологдору АКШнын Смитсон инситутундагы кесиптештери менен Орто Азиядагы эң чоң динозаврларды аныкташкан. Бул туурасында РИА Новости Cretaceous Research журналына таянуу менен кабарлады. 

Булар чөп өсүмдүктөрү менен азыктанган 100 тонналык титонозаврлар болуп чыкты. 

"Биз Биота бору доору жөнүндөгү илимий изилдөөнүн Орто Азиядагы бир этабын бүтүрдүк. Мурда таш бакалардын, динозаврлардын, амфибия жана башка майда жандыктарды аныкташкан. Ошондой эле алдыда орнитопод, анкилозавр, мүйүздү динозавр жана омурткалуу жаныбарлардын башка көптөгөн түрлөрү изилденет", —деп билдирди Россиянын Илимдер академиясынын Зоология институтунан окумуштуу Александр Аверьянов.

Көлдө табылган мамонт жайда изилдөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айзек Бакиров: Көлдөн мамонттун башка сөөк калдыктары да табылды
Россиянын палеонтологу белгилегендей, акыркы жылдары анын кесиптештери Орто Азияда көптөгөн динозаврдын калдыктарын табышкан. Бирок табылган калдыктар толугу менен изилденген эмес. Ошол себептен көпчүлүк учурда окумуштуулар арасында алардын түрлөрү, көлөмү жөнүндө "Динозавр доорунда" эң чон көлөмдүү динозаврлар боюнча ар кандай талаш тартыштарды жаратып келген.

Мынджан улам алардын өлчөмү жана түрлөрүн аныктоо өтө кыйынга турган. Мурдагы СССРдин аймагында табылган калдыктардын ашыкча бөлүнгөн сөөгү жана тиштери бар болгондуктан, алардын көлөмүн билүү кыйынга туруп жатат.

Кызыл-Кум чөлүндөгү Аверьянов жана АКШ полеонтологтору 90-жылдары өзгөчө тиш таап алгандыгы өкумуштууларды кызыктырды. Себеби тиштердин түзүлүшү Түндүк Кытайда, Түштүк Аргентинада, Патогонияда көп кездешкен 100 тонналык жана узундугу 25-30 метрди түзгөн титоназаврлардыкына окшош экенин байкалган.

Аверьянов жана анын кесиптештери Смитсон институтунун окумуштуусу Ганс-Дитер Зюс (Hans-Dieter Sues) табылган тиштерди жана башка калдыктарды изилдеген. Андан соң бул кескелдириктер аймакта кеңири таралганбы, же жокпу жана булардын көлөмү чынында эле чоңбу деген тыянака келишкен.

Хатико паросдасындагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ит эмне үчүн адамга жан жолдош экендигин айтып беришти
Бул талдоо тиштердин, калдыктары титоназаврлардыкы же болбосо аларга окшош зауропод динозаврлары экенин көрсөткөн. Андан сырткары омурткалары Кытайдан табылган калдыктарга абдан окшош экени белгиленген. Кызыл-Кум жана Орто Азиянын башка жаратылыш аймактарында ар түрдүү калдыктары табылган. Зюс жана Аверьяновдун айтымында бул динозаврлардын калдыктары Орто Азия аймагында кеңири жайгашкан жана эң чоң динозаврлар болгонун тастыкташкан.

Башка жагынан алып караганда Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан жогору мезгилде алардын калдыктары өтө сейрек кездешкен. Өсүмдүктөр менен азыктанган динозаврларга үстөмдүк көрсөткөнү күмөн жана экосистемада кыйла сейрек болгон.

Жакынкы арада Аверьянов жана анын кесиптештери мындай изилдөөлөрдү уланта тургандыгын айтышты. Орточо эсеп менен орус полеонтологтордун изилдөөсү менен Орто Азияда жаңы 200 жаныбардын калдыктарын тапкан жана бул изилдөө 90 миллион жыл артка сереп салганга жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0