Түркия 9 айда чек арасын бузган 300 миң кишини кармаган

© AFP / LOUISA GOULIAMAKI Түркиянын чек арасындагы качкындар, архивдик сүрөт
Түркиянын чек арасындагы качкындар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын чек арачылары аткезчилерден уюлдук аппараттарды, мунай заттарын, тамеки, бодо жана майда жандыктарды алган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Түркия бийлиги жыл башында Сирия, Иран жана Ирак менен чектешкен аймактарда чек араны бузган 300 миңге жакын киши кармалганын РИА Новости Түркиянын Башкы штабына шилтеме кылып билдирген. 

"1-январдан тартып 4-октябрга чейин Түркиянын Сирия, Иран, жана Ирак менен чектешкен жерлеринде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 33 327 окуя болгон. Биздин чек арадан өтүүгө аракет кылган 299 612 адам кармалган, андан тышкары 185 курал-жарак алынган", — деп маалымдаган Түркиянын аскердик бөлүмү. 

Түркиянын чек арачылары аткезчилерден 4,5 миң уюлдук аппараттарды, 20 миң литр күйүүчү-майлоочу заттарды, 1000ден ашуун бодо жана майда жандыктарды, ошондой эле 17 миллион куту тамекини конфискациялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0