Нобелдин химия боюнча сыйлыгы "молекулярдык машина" синтези үчүн берилди

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDХимия боюнча Нобель сыйлыгы 2016-жылы окумуштуулар Жан-Пьер Саважга, Фрезер Стоддартуга жана Бернард Феринге синтез "молекулярдык машина" эмгеги үчүн ыйгарылды
Химия боюнча Нобель сыйлыгы 2016-жылы окумуштуулар Жан-Пьер Саважга, Фрезер Стоддартуга жана Бернард Феринге синтез молекулярдык машина эмгеги үчүн ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылкы Нобель сыйлыгынын ар бир суммасы 8 миллион швед кронун (932,000 доллар) түзөт.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Химия боюнча Нобель сыйлыгы 2016-жылы окумуштуулар Жан-Пьер Саважга, Фрезер Стоддартуга жана Бернард Феринге синтез "молекулярдык машина" эмгеги үчүн ыйгарылды. Бул туурасында РИА Новости Швед Королдугунун илимдер академиясына таянып билдирди. 

Стоматологдор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
Сыйлыкты тапшыруу аземи салтка ылайык, Нобель сыйлыгынын негиздөөчүсү Альфред Нобелдин 10-декабрда каза болгон күнүндө өтөт. Анын калтырган беш сыйлыгынын төртү – физиология же медицина, физика, химия жана адабият жаатында. Андан сырткары 1968-жылы шведдердин мамлекеттик банкы түптөгөн экономика тармагындагы сыйлык Стокгольм шаарында тапшырылат. Тынчтык сыйлыгы анын негиздөөчүсү эркине ылайык, Осло шаарында дайыма 10-декабрда өтүп турат.

2016-жылы Нобель сыйлыгынын ар бир суммасы 8 миллион швед кронун (932,000 доллар) түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0