Кабул оппозициялык күчтөр менен келишим түзүүгө даяр экенин айтты

© REUTERS / AHMAD MASOODАфганистандын полиция кызматкерлери, архивдик сүрөт
Афганистандын полиция кызматкерлери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Афган бийлиги "Хезб-э-Ислами" ислам партиясы менен келишим түзгөн.

БИШКЕК, 5-окт. – Sputnik. Кабул эгерде зордукчулдугун токтотуп, эл аралык террорчулардан кол үзүп, Афган Баш мыйзамын тааныса бардык куралдуу оппозициялык күчтөр менен келишим түзүүгө даяр. Бул туурасында РИА Новости Афганистандын ТИМ жетекчиси Салахаддин Раббаниге таянып билдирди.

Буга чейин Афган бийлиги "Хезб-э-Ислами" ислам партиясы менен келишим түзгөн. 

"Өткөн аптада биз маанилүү кадамга барып, "Хезб-э-Ислами" партиясы менен келишим түздүк. Биздин жарандардын, өзгөчө аялдардын укуктарын сактоо менен зордукчулугун токтотуп, эл аралык террорчулардан кол үзүп, Афган Баш мыйзамын тааныса мындай келишимдерди түзүүгө даярбыз", — деп айткан Раббани.

Аскер каскалары, жана автоматтар - Sputnik Кыргызстан
Афганистандагы абалдан улам Тажикстандын чек арачылары ыкчам даярдыкка өттү
Афганистандын Ислам партиясы — 1976-жылы Хекматияр тарабынан пуштундардын кызыкчылыгын коргоп түзүлгөн. Афган парламентинде өздөрүнүн өкүлдөрү бар жана саны миңге чукул аскер түзүмдөрүн калыптандырып алган. 

2012–2013-жылдары аталган партиянын согушкерлери терактылар үчүн жоопкерчилик алган. АКШ аларды "Америкага каршы идеологиясы үчүн " жана шариаттын эрежелерин карманганы үчүн экстремисттик күч деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0