БУУ: Йемендеги чыр-чатактардан 4 миңден ашуун жай жаран өлгөн

© REUTERS / Khaled AbdullahЙемендеги болгон жардыруунун кесепетинин архивдик сүрөтү
Йемендеги болгон жардыруунун кесепетинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август жана сентябрда Сауд Аравиясы жетектеген коалиция жасаган соккудан Йеменде өлгөн жай жарандарынын саны 279ге жеткен.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Йемендеги чыр-чатактардан 19 ай ичинде 4 миңден ашуун жай жаран өлүп, 7 миңге жакыны жаракат алган. Бул туурасында БУУнун Адам укуктары боюнча комиссарынын маалымат катчысы Руперт Колвилл билдирди.  

"Йеменде жабырлангандардын саны биздин кызматкерлердин эсептеп чыкканы боюнча 2015-жылдын март айынан тарта 30-сентябрдын жумасына чейин 10 963 адамды түзгөн. Алардын арасында өлтүрүлгөн 4 014 адам бар",— деп билдирди ал.

Колвиллдин айтымында, август жана сентябрда Сауд Аравиясы жетектеген коалиция жасаган соккудан Йеменде өлгөн жай жарандарынын саны 279ге жеткен. Андан сырткары, 339 адам жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0