Путин 10-октябрда Түркияда Эрдоган менен жолугат

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана Түркия лидери Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Россиянын президенти Владимир Путин жана Түркия лидери Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк энергетикалык конгресс 9-13-октябрда Стамбул шаарында өтөт.

БИШКЕК, 4-окт — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 10-октябрда Түркияда өткөн Дүйнөлүк энергетикалык конгрессте сүйлөп, Тайип Эрдоган менен жолугат. Бул туурасында РИА Новости мамлекет башчынын жардамчысы Юрий Ушаковго таянып кабарлады. 

"Сапар 10-октябрда болот. Путин Дүйнөлүк энергетикалык конгрессте чыгып сүйлөйт. Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушуу болот", — деп билдирген Ушаков.

Дүйнөлүк энергетикалык конгресс 9-13-октябрда Сиамбул шаарында өтөт. 

Буга чейин РФтин президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия лидери октябрь айында Түркияга барарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0