Афганистандагы абалдан улам Тажикстандын чек арачылары ыкчам даярдыкка өттү

© PAN Photo / Медиабанкка өтүүАскер каскалары, жана автоматтар
Аскер каскалары, жана автоматтар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Кундуз провинциясында өкмөттүк аскерлер менен "Талибан" кыймылынын ортосунда салгылашуу жүрүүдө.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Тажикстандын чек арачылары согуштук аракеттерге даяр туруп, Афганистандын түндүгүндөгү кырдаалды көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан билдирет.

Дүйшөмбү күнү эртең менен "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлери Афганистандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясына чабуулун баштаган.

"Афганистандын өкмөттүк күчтөрү менен "Талибан" кыймылынын ортосунда катуу салгылашуу болуп жаткандыгы боюнча чек ара аскерлеринин жетекчилиги маалымдар. Бирок азырынча Тажикстанга коркунуч туудурган жагдай жарала элек", — дейт Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин башкармалыгынын маалымат Мухаммад Улугходжаев.

Анын айтымында, акыркы күндөрү Афганистандын түндүгүндөгү туруксуз жагдайга байланыштуу бул өлкө менен чектешкен аймактагы чек арачылар согуштук аракеттерге даяр турушат.

"Былтыр жыл ортосунда Кундуз провинциясы менен чектеш аймактар күчтөндү, ошондой эле коргонуунун экинчи тилкесинде Тажикстандын коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери жайгашкан. Зарыл учурда алар чек арачыларга жардамга келишет", — деди маалымат катчы.

Афганистандагы кырдаал акыркы убакта начарлаганы байкалууда. "Талибан" радикалдык кыймылы мурда өлкөнүн айылдарындагы маанилүү аймактарын ээлесе, эми ири шаарларына чабуул баштады. Ошондой эле өлкөдө "Ислам мамлекети" радикалдык тобунун таасири күч алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0