БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүн 14 аскер адам түшкөн Sikorsky S-61 үлгүсүндөгү тик учак Малайзиянын Тавай шаарындагы мектептин үстүнө кулап түшкөн. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып жазды.
Кулаган аскер техникасындагы адамдардын ичинен учкуч гана жеңил жаракат алган. Ал эми мектептин жети окуучусу жана дагы бир эркек киши ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматтарды полиция өкүлү Тавау Фадиль Маркус айтып берген.
Маалыматтарда тик учак Сабах штатынын ичинде учуп жүрүп, учкуч техниканы башкара албай калганы белгиленет.