Таиландда кош бойлуу аялдар Зика вирусуна карата текшерилет

© AP Photo / Jorge SaenzЗика вирусуна текшерүү, архивдик сүрөт
Зика вирусуна текшерүү, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басым кош бойлуу аялдарга жасалып жатат. Себеби аталган вирус курсактагы түйүлдүктү патологиялык өзгөртүүлөргө дуушар кылат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Таиланддын бир катар провинциясында Зика вирусун жуктуруп алган фактыларын ырастоо үчүн текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын шейшемби күнү Таиланддын саламаттык сактоо министри Пхисакон Саконсатхаядон кабарлаганын РИА Новости жазып чыкты. 

Анын айтымында, басым кош бойлуу аялдарга жасалып жатат. Себеби аталган вирус курсактагы түйүлдүктү патологиялык өзгөртүүлөргө дуушар кылат.

Министр Зика көйгөйүн талкуулаган жыйынга катышып, ал Таиланддын таңкы берүүлөрүнөн көрсөтүлгөн. 

"Вирустун жайылуусу мониторингден өткөрүлүп жатат. Дартты алып жүрүүчү Aedes Aegypti чиркейинин тукумдашы дагы көзөмөлдөнүүдө. Жакынкы жумаларда 16 провинциядагы кош бойлуу аялдарга текшерүү иштери башталат", — деп билдирген министр.

Жума күнү Таиланддын Саламаттык сактоо министрлиги Азиянын түштүк чыгышында кош бойлуу аялдар Зика вирусуна чалдыгып, түйүлдүккө залакасы тийгендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0