Кардашьянды Парижде тоноп кетишти, келтирилген чыгым миллиондорду чапчыйт

© AFP / Angela WeissКим Кардашьян
Ким Кардашьян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарга караганда уурдалган буюмдардын суммасы бир нече миллион долларды түзөт.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Америкалык реалити-шоунун жылдызы Ким Кардашьяндын Парижде уурдалган зер буюмдарынын жалпы суммасы он миллион еврону түзөрүн анын жакындары тергөө органдарына билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Лом. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Банкоматты тоноп жаткан ууруларды асманга атылган ок да токтото алган жок
Кардашьянды дүйшөмбү күнү токтогон мейманканасынан тоноп кетишкен. Рейтер агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, АКШлык атактуу айымдын беш-алты миллион еврону түзгөн алтын-зер буюмдары салынган кутучасы жана төрт миллион еврону түзгөн шакегин уурдашкан. Андан тышкары, жылдыздын эки уюлдук телефонун да уурдап кетишкен.

Бул ишке полициянын кийимин кийип, бет кап тагынган беш адам катышкан. Алар Кардашьянды байлап туруп, ваннага камап салган. АКШлык атактуунун жакындарынын айтымында ал жабыр тарткан жок, бирок абдан коркуп калган.

Кардашьяндын күйөөсү рэпер Канье Уэст Нью-Йоркто болгон концертин токтоткон. Бул кадамын ал үй-бүлөлүк маселелерге байланышканын айткан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0