Индия: чек арачылар Пакистандан опуза кат ташып келаткан көгүчкөндү кармап алышты

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүИндиядагы кептерлер. Архивдик сүрөт
Индиядагы кептерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү аймакта ушундай маанайдагы сөздөр жазылган эки аба шары табылган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Индиялык чек арачылар премьер-министр Нарендра Модиге Пакистандан кабар жеткирип учуп келген көгүчкөндү кармап алышты. Бул туурасында РИА Новости Times of India басылмасына шилтеме кылып кабарлады.  

Көгүчкөн өлкөнүн түндүк тарабынан орун алган Патханкот округунун аймагынан кармалган. Полициядан анда "Урматтуу Моди, сен бизди 1971-жылдагы (индия-пакистан согушу) баягылар экен деп ойлобо. Азыр ар бир бөбөк Индияга каршы согушууга даяр турат",— деп жазылгандын айтышты. 

Индиянын аскерлери, Кашмир шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индиянын Кашмиринде аскердик бөлүккө кол салуудан 17 киши каза болду
Басылма бул Пакистандан келген биринчи кат эместигин жазды. Ишемби күнү аймакта ушундай маанайдагы сөздөр жазылган эки аба шары табылган. 

Эки өлкөнүн мамилеси Кашмирде 29-сентябрда болгон чыр-чатактан кийин дагы чыңалып кетти. Анда Индия тарап Пакистан көзөмөлдөп турган базаларга так сокку уруп, "террорчулукка каршы операция жүргүзгөндүгүн" билдирген. Ал эми Пакистан бул чек ара тилкесиндеги адаттагы эле атышуу болгонун жана пакистандык эки жоокер каза тапкандыгын кабарлаган. Ал чыр согушкерлер Кашмирдеги аскер бөлүмүнө кол салып, 19 жоокер курман болгон окуядан бир жарым жума өткөндөн кийин катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0