Окумуштуулар сергек жашоо образы өмүрдү узартпай турганын аныктады

© Sputnik / Сергей Симов / Медиабанкка өтүүМашыгып жаткан кыздын архивдик сүрөтү
Машыгып жаткан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар эрте картаюуну кечеңдетүү жолун издөө керектигин айтышат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Эрте карып кетүү генге байланыштуу болгондуктан айрымдарга туура тамактануу, спорт менен машыгуу, ичимдиктен баш тартуу дагы жардам бербей турганын The Guardian басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Хатико паросдасындагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ит эмне үчүн адамга жан жолдош экендигин айтып беришти
Изилдөөчүлөр 13 миң АКШ менен европалык ыктыярчылардын ДНКсын анализден өткөрүшкөн. Натыйжада алардын беш пайызы башкаларга салыштырмалуу эрте өлүү мүмкүнчүлүгү 50 пайызга жогору экени белгилүү болгон. Окумуштуулар мындай пикирге ыктыярчылардын биологиялык жаш курагын иликтөөгө алуудан кийин келишкен.

Окумуштуулардын айтымында 60 жаштагы тамеки чеккен адамга салыштырмалуу организми эрте карууга ыктаган жарандын эрте өлүп калуу мүмкүнчүлүгү 15 пайызга жогору.

Мындай тыянактардан улам изилдөөчүлөр эрте картаюуну кечеңдетүү жолун издөө керек экенин айтышат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0