Нобель сыйлыгынын адабият боюнча жеңүүчүсү 13-октябрда белгилүү болот

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDНобель сыйлыгы, архивдик сүрөт
Нобель сыйлыгы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сыйлыкка 300 эмгек ат салышып, жазында 20сы тандалып алган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Нобель сыйлыгынын адабият боюнча жеңүүчүсүнүн ысымы 13-октябрь күнү, адаттагыдан бир апта кеч айтылат. Бул тууралуу РИА Новости SVT телеканалына таянуу менен жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, быйыл Нобель сыйлыгын алгандардын атын жар салуу 3-10-октябрь күндөрү болот.

"Датанын адаттагыдан бир апта жылышы талапкерлердин талашынан эмес, жылнаамадагы дал кебестиктен улам болуп жатат. Анткени эреже боюнча салтанат бейшемби күнү өтүшү керек", — деп жазылат маалыматта.

Швед академиясына жыл башынан бери 300 талапкер эмгектерин жөнөтүп, адатта жазында андан 20сы тандалат. Күз айында бешөөсү суурулуп чыгат. Ал эми октябрь айында жеңүүчүнүн аты ачыкка чыгат.

Эске сала кетсек, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 10-декабрь күнү Стокгольм шаарында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0