РФ ТИМи: Террорчулар Афганистанга эмес, Борбор Азияга кызыгып жатат

© AP Photo / militant website"Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү
Ислам мамлекети террордук уюмунун мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетине" киргендердин 50-60 пайызы Борбор Азиянын, Түндүк Кавказдын жарандары деген маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюму Афганистанга эмес, Борбор Азияга кызыгып жатат. Мындай маанайдагы маалыматты РИА Новости жазып чыкты. 

Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов бул туурасында маалымдады.

"Ислам мамлекети" Афганистанга келип алып, бирок, бул мамлекет аларга таптакыр кызыксыз экендигин айтышууда. Аларга суунун ары жагындагы Борбор Азия кызык болууда. Себеби, бул уюмга киргендердин 50-60 пайызы Борбор Азиянын, Түндүк Кавказдын жарандары. Мындай көрүнүштөн улам, алар албетте, улам тереңдеп кирип, алдыга жылууга умтулат. Бирок, бул үчүн алардын чамасы чакталуу экендигин эске алуу ашыктык кылбайт", — деди ТИМ башчысынын орун басары.

Анын айтымында, учурда Афганистанда "Ислам мамлекети" менен "Талибандын" карама-каршылыгы күчөп турат. Экөө тең террордук уюмдар.

"Беркилерден айырмаланып, талиптер өзүнүн жеринде жүрөт. Ал эми "Ислам мамлекети" аймакка келип алды, аларга да каяктандыр каражаттын булагын табыш керек да. Андыктан, талибандар көзөмөл кылып турган баңги жолдору үчүн айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Мындан улам, тирешүү эле эмес, кадимкидей кагылышуулар жүрүп жатат. Анткени менен кээ бир райондорунда эки топтун ымалашып кеткен учурлары да бар",— деди ал.

Сыромолотов "Ислам мамлекети" буга чейин өзүнүн катарына террорчуларды тартса, эми каражаттын агымы азайгандан кийин алар деле келгин топко пайдасыз болуп калат деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0